Жумгал районунун аракети бар үй-бүлөлөрүнө чакан бизнес уюштуруу үчүн 100 000 сомдук сертификаттар тапшырылды

Жумгал районунун аракети бар үй-бүлөлөрүнө чакан бизнес уюштуруу үчүн 100 000 сомдук сертификаттар тапшырылды
Кыргыз Республикасынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Жумгал районун 50 аракети бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес проектерин ишке ашырууга 100 000 сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды. Долбоорлордун негизги бөлүктөрү мал чарбачылык жана тигүүчүлүк багыттарын камтыды.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде көрсөтүлүп жаткан социалдык жардам Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республика боюнча берилүүдө.
Бул иш-чаранын негизги максаттары – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүгө жaна аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес проектерин ишке ашырууга сертификаттарды тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин катышуусунда Жумгал районунун эли менен болгон жолугушуусунда өттү.
Жумгал районунда кийинки этапта дагы 53 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берилет.
Пайдалуу
Ссылкалар