Министр К. Базарбаев: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык уюмдар социалдык контрактты ишке ашырууга жардам көрсөтүүдө
Министр К. Базарбаев: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык уюмдар социалдык контрактты ишке ашырууга жардам көрсөтүүдө
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырууда билдирди.
Аз камсыз болгон 40 үй-бүлө мурда Эмгек министрлиги тарабынан уюштурулган финансылык сабаттуулукка жана бизнес-пландарды түзүүгө окутуудан өтүп, андан соң мамлекет менен келишим түзүшкөн. Кайтарымсыз бөлүнгөн бюджеттик каражаттар чакан бизнести ачууга арналган.
“Өткөн жылы социалдык келишим түзгөндөргө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү бийлик органдары, ветеринардык-санитардык кызматтар жана өкмөттүк эмес уюмдар колдоо көрсөтүштү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 163 миң сом, 20 тонна көмүр, 3 га жер бөлүнгөн. Вакцинация, мал чарбачылыгына катышкан катышуучуларга консультация, тамак-аш өндүргөн катышуучулардын санитардык текшерүү жүргүзүлдү.
Жарандык уюмдар жана ар кандай фонддор финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-пландоону уюштурууга, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жарым миллиондон ашык сом бөлүп беришти. Биргелешкен аракеттердин аркасында биз президент Садыр Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча демилгесин ишке ашырууну натыйжалуу баштадык”, – деди министр.
2023-03-31