Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация

Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алууга ким укуктуу?

Компенсация алуучулар болуп төмөнкүлөр саналат:

  • туруктуу каттоосу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориялары;
  • бул жерде туруктуу жашаган жана жашоого документи бар башка өлкөлөрдүн жарандары.

Эгерде сиз төмөндө келтирилген категориялардын бирине кирсеңиз, анда сиз көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө компенсация алууга укуктуусуз.

Компенсация алуучулардын категориялары

Өлчөмдөрү

– Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптары жана   катышуучулары;

– концлагерлердин жашы жетпеген туткундары

   жана Ленинград шаарынын блокадачылары;

– советтик армиянын майыптары жана

   интернационалист майыптар;

 – ЧАЭС кырсыгын жоюучулар – майыптар;

 

 

7000 сом

– интернационалист катышуучулар;

6000 сом

 – ЧАЭС кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге 1986-1987-жылдары катышкан адамдар;

2500 сом

– майыптык тобу бар ооруктун сыйланган эмгекчилери;

– эмгек армиясына зордоп мобилизацияланган жарандар;

2000 сом

-реабилитацияланган жана репрессиядан    жабыркаган жарандар;

1500 сом

 – 1988-1989-жылдардагы чернобылчылар;

– ЧАЭСти жоюучулардын 18 жашка чейинки кийинки 1- жана 2-муундагы балдары;

 – курман болгондордун үй-бүлөлөрү: Улуу Ата-Мекендик согуштагы, аскер кызматчылары, ИИМдин кызматкерлери;

– өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрү: инвалидов ЧАЭСтин майыптары жана 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын;

 – ооруктун сыйланган эмгекчилери;

  – Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарынын жана катышуучуларынын, ошондой эле  Ленинград шаарынын блокадачы майыптарынын жесирлери (жесилдери);

 – көрүүсү жана угуусу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (майыптуулуктун биринчи жана экинчи тобундагы) адамдар;

 – ардактуу донорлор.

 

 

 

 

 

1000 сом

 

 

 

 

Компенсацияны тариздөө үчүн кандай документтер зарыл?

Алуучулардын категориясы

Ай сайынкы компенсацияны чектөө үчүн кошумча документтер

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун аскердик билети;

– аскер комиссариаты берген белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү.

Аскердик билети болбогон учурда, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан арыз ээсинин Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгынын аныктыгы жөнүндө маалымкатты расмий түрдө сурайт

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын аскердик билети;

– аскер комиссариаты берген белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү.

Аскердик билети болбогон учурда, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан арыз ээсинин Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгынын аныктыгы жөнүндө маалымкатты расмий түрдө сурайт

Советтер Союзунун Баатырлары, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун аскердик билети;

– аскер комиссариаты берген белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү;

– сыйлангандыгы жөнүндө күбөлүгү жана согуштагы эрдиги үчүн сыйлыктарына жана согуштагы эрдиги үчүн бардык үч даражадагы Даңк орденине ордендик китепчелери

Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары

– экинчи дүйнөлүк согуштун убагында фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн басып алынган аймактарында түзүшкөн концлагерлерде, геттолордо, мажбурлап кармаган башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш мезгилиндеги документтердин, же концлагерлердин жашы жете элек (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында нацисттик куугунтуктоо колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн архивдик жана башка мекемелерден керектүү маалыматтарды камтыган маалымкаттар же башка документтер

“За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар

“За оборону Ленинграда” медалына жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгисине күбөлүктөр

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган ордендик китепчелер же сыйлыктарынын күбөлүктөрү:

Андай сыйлыктарга Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган төмөнкү медалдар кирет:

– “За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.”;

– “За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.”;

– “За победу над Японией”;

– “За отвагу”;

– Ушаков медалы;

– “За боевые заслуги”;

– Нахимов медалы;

– “За трудовую доблесть”;

– “За трудовое отличие”;

– “За оборону Москвы”;

– “За оборону Одессы”;

– “За оборону Севастополя”;

– “За оборону Сталинграда”;

– “За оборону Киева”;

– “За оборону Кавказа”;

– “За оборону Советского Заполярья”.

Согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдарда) сыйлоо жөнүндө документтери жоголуп кетсе, эмгек китепчесиндеги жазуулары, күбөлүктүн номерин жана сыйлык ыйгарылган күндү көрсөтүү менен же архивдик мекемелердин маалымкаты талап кылынат.

“За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.” медалы менен  сыйланган адамдар облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча медалдардын күбөлүгүнүн  же аталган чечимдердин көчүрмөсүн көрсөтүшөт

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар

– эмгек армиясында болгонун ырастаган документ;

– эмгек армиясындагы адамды кийин реабилитациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы берген же саясий, диний көз караштары, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча  репрессиялардын кесепетинен  жабыркагандыгын таануу жөнүндө маалымкаты

Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар

– Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын реабилитациялоо жөнүндө же саясий, диний көз караштары, социалдык, улуттук жана башка белгилер боюнча  репрессиялардын кесепетинен  жабыркагандыгын таануу жөнүндө маалымкаты;

– арыз ээсинин пенсиялык күбөлүгү

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү

–  нике тууралуу күбөлүк (жубайына ай сайын компенсация чектөөдө)  же аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (аскер кызматчысынын ата-энесинин бирине ай сайын компенсация чектөөдө);

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун же майыбынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;

– аскер кызматчысынын Улуу Ата Мекендик согушта же кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондугу жөнүндө маалымкат;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесилдеринде жубайы статусун ырастоочу документи жоголгон учурда социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан каза болгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун чыныгы  жесири (жесили) болгондугун ырастоочу  маалымкатты расмий түрдө сурайт. Маалымкатта аскер комиссариаты тарабынан тийиштүү түрдө катталган бурчтук штампы, ошондой эле аскер комиссарынын кол тамгасы жана гербдүү мөөрү менен бекитилген болушу керек

Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;

– белгиленген үлгүдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү;

– аскер кызматчысынын Улуу Ата Мекендик согушта же кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондугу жөнүндө маалымкат;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун же майыбынын биринчи жолу кайрылган жесилдеринде жубайы статусун ырастоочу документи жоголгон учурда социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аскердик комиссариаттан Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучусунун чыныгы  жесири (жесили) болгондугун ырастоочу  маалымкатты расмий түрдө сурайт. Маалымкат аскер комиссариаты тарабынан тийиштүү түрдө катталган бурчтук штампы, ошондой эле аскер комиссарынын кол тамгасы жана гербдүү мөөрү менен бекитилген болушу керек

Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

“За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

– нике жөнүндө күбөлүк;

– “За оборону Ленинграда” медалы же “Жителю блокадного Ленинграда” медалдарынын  күбөлүгү;

– “За оборону Ленинграда” медалы же “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдардын өлгөнү жөнүндө күбөлүк

Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар

– башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкандыгы тууралуу белгиси бар аскердик билети. Ушуну менен бирге советтик армиянын жана аскер-деңиз флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдарына согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошуу менен аскер билетине милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары жазган жазуу болушу керек: аскердик аракеттерге катышуу, аскер кызматын өтөгөн мезгил, аскердик бөлүктүн (а/б) (же талаа почтасынын) №, аскер кызматын өтөгөн жери.

– аскер комиссариаты тарабынан берилген тийиштүү үлгүдөгү жеңилдиктерге укуктары жөнүндө согуштун катышуучусунун же майыбынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

– башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкандыгы жөнүндө маалымкат (социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  расмий түрдө аскердик комиссариаттан сурайт)

Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары

СССРди коргоодо же башка мезгилде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруудан алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган  мурдагы аскер кызматчылары

Аскердик бөлүктүн командири же аскер комиссары койгон аскердик кызматты өтөгөн мезгили, аскердик бөлүктүн  (же талаа почтасынын) №, кызматты өтөгөн жери жөнүндө белгиси менен аскер кызматчысынын аскердик билети

Аскердик кызматтын милдетин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү

– нике жөнүндө күбөлүк (жубайына акчалай компенсация чектөөдө), же аскер кызматчысынын  туулгандыгы  жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (ата-энесинин бирине акчалай компенсация чектөөдө);

– аскер кызматчысынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;

– аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда аскер кызматчысынын курман болгондугу жөнүндө маалымкат

Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар

– Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан даталарды көрсөтүү менен аскердик билети же ишкананын маалымкаты;

– Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин  оору ЧАЭС апаатына байланыштуу экендиги тууралуу корутундусу (социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  расмий түрдө сурайт)

1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар

– Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан даталарды көрсөтүү менен аскердик билеттин же ишкананын маалымкаты;

– Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин  корутундусу (социалдык өнүктүрүү башкармалыгы расмий түрдө сурайт)

1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар

Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга 1986-1987-жылдардагы катышуучулардын арасынан каза болгондордун жана майып болуп каза болгондордун үй-бүлөлөрү

– Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондугу жөнүндө маалымкат же нур оорусуна байланыштуу өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк же Чернобыль апаатындагы ликвидатор-майыбынын өлгөндүгү;

– курман болгондун же каза болгондун ата-энесинин бирөөсүнө компенсация чектөөдө туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

– 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюуга курман болгон же өлгөн катышуучунун же майыптын аялына  компенсация чектөөдө нике жөнүндө күбөлүк

Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар

– Чернобыль АЭСтеги аварияны жоюуга катышуу даталарын көрсөтүү менен ошол аварияны жоюунун катышуучусунун (чоң атасы, чоң атасынын атасы) аскердик билети же ишкананын  маалымкаты;

– Чернобыль АЭСтеги аварияны жоюунун түздөн-түз катышуучусуна (чоң атасына, чоң атасынын атасына) берилген Республикалык эксперттик ведомстволор аралык кеңештин корутундусу;

– радиациялык нурлануудан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн төрөлгөн биринчи жана кийинки эки муундагы баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

– компенсация таризделген ата-энесинин паспорту;

– Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты – Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ата-энелердин радиоактивдүү нурланышынын мүмкүн болгон генетикалык кесепеттери менен шартталган тукум кууган оорулар болгондо радиациядан жабыркаган адамдардын биринчи жана кийинки эки муунундагы балдары (18 жашка чейин) үчүн (Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистринин аймактык бөлүмдөрүнөн аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү расмий түрдө сурайт);

– медициналык-дозиметриялык регистринен 18 жашка чейинки балдар үчүн маалымкат (жыл сайын социалдык өнүктүрүү башкармалыктары расмий түрдө сурайт)

Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү

– нике тууралуу күбөлүк же ички иштер кызматкеринин туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

– ички иштер кызматкеринин өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк;

– кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзды аткарууга байланыштуу күйөөсү (аялы), уулу (кызы) курман болгондугу жөнүндө маалымкат же кызмат өтөп жүргөн мезгилде жарадар, майып болгондун, дартка чалдыккандын натыйжасында каза болушунун себептерин көрсөтүү менен  кызматтан кеткенден кийин каза болгондугу тууралуу күбөлүк

“Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментинин  расмий  суроо-талабы боюнча ай сайын “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” наамын ыйгаруу жөнүндө  буйругунун көчүрмөсүн жөнөтөт.

Алынган маалыматтар социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына ай сайын жөнөтүлөт

Көрүү боюнча (биринчи жана экинчи тобундагы)  жана угуу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) адамдар

Социалдык өнүктүрүү башкармалыктары Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын маалымат базасы аркылуу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы менен арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн майыптыгы жөнүндө, майыптыгынын мөөнөтүн  ырастоочу документтерди өз алдынча чогултат

Компенсация чектөө үчүн кайда кайрылуу керек?

Жашаган (катталган) жери боюнча райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РСӨБ жана ШСӨБ).

Чектелген компенсацияларды алууну улантуу үчүн компенсация алуучуларды жыл сайын жылдын башында сөзсүз кайра каттоо жүргүзүлөт.

Акчалай компенсациялар жашаган жери боюнча почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

Компенсацияларды алуу жөнүндө алда канча кең-кесири маалыматты жашаган жери боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктарынан билүүгө болот.

Пайдалуу
Ссылкалар