Ыссык-Көл районунун 70 аз камсыз үй бүлөлөрү 100 мин сомдук сертификатка ээ болду

Ыссык-Көл районунун 70 аз камсыз үй бүлөлөрү 100 мин сомдук сертификатка ээ болду
Ыссык-Көл районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуну ишке ашыруу максатында, социалдык жардам алууга келишим түзгөн, 70 аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө,100 мин сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттарды тапшырды.
Өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Алыбаева Ж.И., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Сарыбагышев М.К., Ыссык-Көл райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким К.А.Жумадылов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин орун басары А.Т.Исаматова катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар