Токтогул районунун 300 үй-бүлөсү “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырышат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Токтогул районунда 100 миң сомго сертификаттарды тапшырууда билдирди.
Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кундузбек Сулайманов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
“Тоолуу райондорду өнүктүрүү КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун өзгөчө көңүл чордонунда турат. Социалдык контракт – бул оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк. Мамлекеттен 100 миң сом түрүндө колдоо алып, көптөгөн үй-бүлөлөр өз ишин башташты. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – бул алардын бакубаттуулугунун жана жалпы экономикалык жыргалчылыгынын ачкычы” – деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Иш-чарада 200 сертификат тапшырылды. Быйылыкы жылы Токтогул районунда жалпысынан 300 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алып өз ишин башташат.
Пайдалуу
Ссылкалар