Бишкекте эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери жогорку деңгээлде талкууланды

Бүгүн, 26-апрелде, Эл аралык эмгек уюмунун делегациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен эмгек чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик жолугушуусу болуп өттү.
Эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, эл аралык эмгек уюмунун жетекчилиги жана эксперттери менен жолугушуу демилгеси министрлер кабинетинин төрагасы А.Ү. Жапаровго таандык.
“Идея Кыргызстанда Эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча талкуулардын циклин ишке киргизүү, эмгек рыногун өнүктүрүүнүн жаңы тенденцияларын талкуулоо болду. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, эмгек ресурстарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн дүйнөлүк экономиканын кандай мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алабыз? Демографиялык дивидендди натыйжалуу пайдалануу үчүн демографиялык саясат кандай болушу керек? Буга байланыштуу-экономиканын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан өлкөлүк өнүгүүнү аныктоочу чакырыктардын алдында тургандыгын моюнга алуу керек, ошондуктан мындан аркы биргелешкен пландарды жана иш – аракеттерди иштеп чыгуу биз үчүн өтө маанилүү”, – деди ал.
Жолугушууда ЭЭУ Кыргызстанга эмгек мыйзамдарын реформалоодо, эмгекти коргоо жаатында кадрларды даярдоодо жана иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы социалдык диалогду жакшыртууда техникалык жардам көрсөтүп жатканы айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар