“Келечек” балдар реабилитациялык борбору кандай кызматтарды көрсөтөт
Борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Реабилитациялык борбордун түзүмү стационардык жана күндүз болуу режиминен түзүлөт.
Реабилитациялык борбордун базасында:
* консультативдик-диагностикалык бөлүм;
* медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, парафин-озокерит терапиясы, дарылоо массажы, стоматологиялык дарылоо, ДФК);
* психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопедиялык жана дефектологиялык коррекция, психотерапия, колдун манжаларынын тактилдик стимулдаштыруучу массажы, майда моториканы өнүктүрүү, предметтик оюндар, Компьютердик оюндар, эрготерапия, агротерапия, арттерапия, музыкотерапия, сенсордук бөлмөнү колдонуу ж. б.);
* административдик башкаруу бөлүмү.
Кабыл алуу МСЭКтин же майыптыгы бар бала жашаган жердеги жалпы дарыгердик практика борборлорунун (ЖДПБ) дарыгерлеринин сунуштамасына ылайык райондук/шаардык/райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармаларынын жолдомосу боюнча (реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча) жүргүзүлөт.
2023-05-17