Министр

Имангазиев Алмаз Кулубекович

Имангазиев Алмаз Кулубекович 1977-жылы 14-октябрда Бишкек шаарында туулган. Билими жогорку.

1998-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча институтун аяктаган;

2000-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча магистратурасын  аяктаган.

Дипломатиялык кызматтагы жогорку класстагы дипломатиялык наамдарга ээ. Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйланган. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

Эмгек ишмердүүлүгү: 

1998 — ТИМдин КМШ департаментинин катчы-референти;

1999–2001 — ТИМдин КМШ боюнча мамлекеттик протокол департаментинин атташеси, үчүнчү катчысы;

2001–2004 — ТИМдин КМШ боюнча Башкы башкармалыгынын ОМС бөлүмүнүн экинчи катчысы;

2004–2008 — Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин атташеси, экинчи катчысы;

2008–2009 — ТИМдин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2010–2012 — ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы, министрдин кеңешчиси;

2012–2013 — ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директору;

2015–2017 — ТИМдин ДИО директорунун орун басары;

2017 — ТИМдин Үрүмчү шаарындагы Виза пунктунун жетекчиси;

2017–2018 — ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары;

2018–2022 — ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директору;

2022–2026 — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Пайдалуу
Ссылкалар