Чоңдорго билим берүү – эмгек рыногунун талабы
2-июнь – Чоңдорго билим берүү күнүнө карата Ош шаарында «Данида» коомдук фонду тарабынан «DVV International Kyrgyzstan» уюмунун колдоосу менен Чоңдор үчүн билим берүү фестивалы өттү.
Бул иш-чарага Кыргызстандын Чоңдорго Билим берүү Ассоциациясынын (ЧББА) бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынан жана башкалар катышты.
«Биздин мамлекеттин эң башкы байлыгы – биздин адамдарыбыз. Учурда мамлекеттик саясат жаңы нукка бурулуп, өлкөбүздөгү адамдык капиталды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Биздин Министрликтин ишинин бирден бир артыкчылык багыты – бул калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү болуп эсептелет. Статистикалык маалыматка таянсак, республикабызда 2680 миң жумушчу күч бар, тилекке каршы 1500 миң адамдын кесиптик билими жок. Бул багытта Министрлик социалдык өнөктөштөр менен тыгыз иш алып барууда жана акыркы 5 жылда 26 миңден ашуун жумушсуз жарандарга кесиптик билим берип, окуусун аяктагандан кийин 70% иш менен камсыздай алдык» – деди өз өзүндө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемеси да ЧББАнын мүчөсү жана бул фестивалга активдүү катышты.
Фестивалда билим берүү борборлорунан мастер-класстар, сынактар, флешмоб, концерт болуп, улуттук искусствонун буюмдары, аялдар жамааттарынын буюмдары, басма сөз продукциялары коюлган. Чоңдорго билим алуунун шарттары жана жол-жоболору, өмүр бою билим алуу жана башка пайдалуу маалыматтарды алган жергиликтүү калктын арасынан келген коноктордун саны арбын болду.
2023-06-05