Кыргызстан ШКУ өлкөлөрү менен адам капиталын өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова ШКУнун Жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүктүрүү боюнча форумунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди. Форум Кытайдын Янлин шаарында ШКУнун Башкы катчысы Чжан Миндин, Кытайдын жана ШКУнун башка өлкөлөрүнүн жетекчилеринин, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, ишканалардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле эксперттер менен окумуштуулардын катышуусунда “Өз ара байытуу үчүн алмашуу, жалпы утуш үчүн кызматташуу” темасында өттү. Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүндөгү жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшүү жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүү маселелери талкууланды.

“Биз кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, Шанхай кызматташтык уюмуна жана “Бир алкак жана бир жол” демилгесине таянып, өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө, жашыл жана туруктуу өнүгүүгө, жакырчылыкты жоюуга, эң башкысы адам капиталын өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн ачыктык, өз ара пайда жана аймактык демилгелердин интеграциясына даярбыз”, – деди ал.

Ошондой эле Жылдыз Полотова “Жаңы доордо жакырчылыкты жоюу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү” сессиясында сөз сүйлөп, КР Президенти С.Н. Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча милдеттери жана демилгелери тууралуу айтып берди.

“Президент тарабынан 2026-жылга чейин – жакырчылыктын деңгээлин 20% га чейин, анын ичинде балдардын жакырчылыгын 25% га чейин азайтуу милдети коюлган. Жакырчылыкты жоюуда негизги факторлор болуп татыктуу эмгек жана туруктуу иш менен камсыз кылуу саналат. 2022-жылдан тартып мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүп, чакан бизнести ачууга 100 миң сомдон акысыз берип баштаган.

“Нур-Кубат” пилоттук долбоорунун алкагында аз камсыз болгон
үй-бүлөлөр өздөрүн электр энергиясы менен камсыздай алышат, ал эми өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясы үчүн акчалай киреше ала алышат.

Биз эмгек рыногунда талап кылынган 125 кесипти үйрөнүүгө жардам беребиз. Акыркы 5 жылда окуудан өткөн 27 миң адамдын 80% ишке орношкон”, – деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, Кыргызстанга ШКУ өлкөлөрүнүн Эмгек, жумуштуулук жана социалдык коргоо чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү тажрыйбасы маанилүү.

“Биздин өлкө экономиканы, башкаруу системасын, билим берүүнү жана социалдык чөйрөнү активдүү санариптештирүү процессинде. Айыл жергесинде жарандардын, өзгөчө аялдардын санариптик технологияларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралар маанилүү орунду ээлейт, бул экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана алардын эмгек рыногундагы абалын жакшыртат”, – деди ал.

 

Пайдалуу
Ссылкалар