«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын беш айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын беш (январь –май) айында 30559 телефондон кайрылуу (бир суткада 202, бир айда 6111 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 905 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 259 же 28,6% жаш балдар, ал эми 646 же 71,4% чоң кишилер), 680 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 122 абонентке психологиялык консультация берилген, 103 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

905 чалуунун ичинен: эркектерден – 179 (19,8%), аялдардан – 467 (51,6%), эркек балдардан – 61 (6,7%), кыздардан – 198 (21,9%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 239 (балдар 6);

– психологиялык жабырлануу менен – 111 (балдар 88);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 110 (балдар 69);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 106 (балдар 10);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 67 (балдар 23);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 50 (балдар 6);

– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 41 (балдар 10);

– билим берүү системасы жөнүндө – 41 (балдар 5);

– башка маселелер боюнча – 33 (балдар 10);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 31 (балдар 16);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 30 (балдар 4);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн , ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 23 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 20 (балдар 3);

– суицид жөнүндө – 2 (балдар – 1);

– мектптеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 0).

29654 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 277 (30,6%);

– Чүй облусунан – 159 (17,6%);

– Ош облусунан – 96 (10,6%);

– Жалал – Абад облусунан – 81 (9,0%);

– Ош шаарынан – 57 (6,3%);

– Ысык – Көл облусунан – 38 (4,2%);

– Нарын облусунан – 23 (2,5%);

– Баткен  облусунан – 19 (2,1%);

– Талас облусунан – 17 (1,9%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 138 (15,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар