Балдар мекемелеринде мониторинг жүргүзүү

2015-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 130-буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында социалдык коргоо – секторду реформалоого контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Финансылык макулдашуунун (DCI-ASIE/2014/025-021) 2.1. под-индикаторын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык кызматтарды мониторингдөө жана инспекциялоо секторунун 2017-2018-жылдарга болгон Иш-планына ылайык баардык менчиктеги 58 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген Минималдык стандарттарга ылайык келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

  • 2017-жылы 13 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде мониторинг жүргүзүлгөн;
  • 2018-жылы 45 интернат тибиндеги балдар мекемелеринде, анын ичинде 22 аккредитациядан өткөн жеке менчик интернат тибиндеги балдар мекемелеринде мониторинг жүргүзүлгөн.

Мониторинг жүргүзү учурунда интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 4716 бала кызмат алып жаткан.

  1. Балдар мекемелеринин багыты боюнча:

  • 13 жетим балдар жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар үчүн мамлекеттик интернат тибиндеги балдар мекемелеринде – 1 550 бала;
  • 19 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга кызмат көрсөтчү мамлекеттик интернат тибиндеги балдар мекемелеринде – 2 384 бала;
  • 22 аккредитациядан өткөн жеке менчик интернат тибиндеги балдар мекемелеринде – 781 бала;
  • 1 өзгөчө шарттарда тарбиялоого жана окуутууга муктаж балдар жана жаш өспүрүмдөр үчүн интернат тибиндеги балдар мекемесинде – 1 бала.

2. Балдардын статусу боюнча:

  • ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар – 2 179 бала;
  • жетим балдар – 152 бала;
  • мыйзам менен чатагы бар балдар – 1 бала;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга – 2 384 бала.
Пайдалуу
Ссылкалар