Эмгек министрлигинин жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын киреше алып келүүчү долбоорлоруна 7025 аз камсыз болгон үй-бүлө катышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорунун алкагында азыркы учурда 278 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылды.
Аларга 7 025 аз камсыз болгон үй-бүлө же 37 939 адам катышкан. Ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана арыктарды тазалоо, өз айылдарында көпүрөлөрдү жана жолдорду куруу боюнча иштерге катышкандыгы үчүн катышуучуларга ун жана өсүмдүк майы берилди. Жалпысынан 1,9 миң тонна азык-түлүк берилди.
Ошондой эле министрликтин улгайган жарандар, чоңдор жана майып балдар жашаган интернаттарына 79 тонна ун жана өсүмдүк майы берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар