Жеке ассистенттентердин саны 38% га өстү – Эмгек министрлиги
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жеке ассистенттентердин саны 13 657 адамды түздү.
Алар 13 373 чоңдорго жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт.
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 8 366 адам жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алышкан, алар 8 493 чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтүшкөн.
2023-жылы төлөмдөр 571,1 млн сомду түздү, өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында 305,65 млн сом.
2022-жылдын 1-июнунан баштап жеке ассистент кызматын майыптыгы бар балдар гана эмес, 1-топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор да ала алышат, алар дайыма бирөөнүн камкордугуна жана көзөмөлүнө муктаж.
Жеке ассистенттердин айлык акысы 6 268 сомду түзөт.
2023-08-05