Гүлнара Баатырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан сунушталган Гүлнара Баатырованын талапкерлиги тууралуу маселени карашты.
Г.Баатырованын талапкерлигин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмас Абытов сунуштады.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин атынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмас Абытов жасады. Белгилей кетсек, аталган талапкер Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан каралган.
Жогорку Кеңеш КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына сунушталган талапкерди жактырды. КР Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пайдалуу
Ссылкалар