Министр Г.Баатырова Шопоков шаарындагы балдар үйүнө барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн ишин текшерди.
Балдар үйүндө 4 жаштан 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 8 бала тарбияланат. Бул жерде балдар өздөрүнө керектүү нерселердин баарын алышат жана өздөрүн үй-бүлөдөгүдөй сезишет.
«Мындай типтеги мекемелер камсыз кылган негизги нерсе – үй-бүлөнүн ыңгайлуулугу. Албетте, биздин стационардык мекемелерде кызматкерлер ар бир балага максималдуу көңүл бурууга аракет кылышат. Бирок бул ыкма камкордукту максаттуу кылат жана балдарга өздөрүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу сезишине шарт түзөт», – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.
Министрге жашоо шарты, ашканасы, оюн бөлмөлөрү көрсөтүлдү.
комнаты.
Пайдалуу
Ссылкалар