Гүлнара Баатырова Сокулуктагы реабилитациялык борбордогу жашоо шарттары менен таанышты

Бүгүн, 7-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялык борбордун иши менен таанышты.
Борбордо 4 жаштан 21 жашка чейинки өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана жаштар жашайт.
Министрге санитардык блок, дене тарбия, эс алуу бөлмөлөрү, кол өнөрчүлүк борбору көрсөтүлдү.
Мугалимдер жана тарбиялануучулар менен жолугушуу учурунда КР Президенти С.Н.Жапаровдун тамак-аш нормасын эки эсе көтөрүү жөнүндө Жарлыгынын аркасында тамак-аш канчалык жакшырганы белгиленди.
Пайдалуу
Ссылкалар