“Лидер аялдарды тандоо, илгерелетүү жана колдоо” боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны

Бүгүн, 2023-жылдын 10-октябрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен “Лидер аялдарды тандоо, илгерилетүү жана колдоо” түзүлгөн, ведомство аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынын КР-нын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун катышуусу менен өткөрдү.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана муниципалдык мамлекеттик органдардын, граждандык сектордун өкүлдөрү катышты.
Жыйында КР-да Лидер аялдарды колдоо жөнүндө Мамлекеттик программасынын долбоору талкууланды. Долбоор сунуш пикирлерди эске алуу менен кайра иштелип чыгып, жакын арада КР-нын Министлер Кабинетинин кароосуна киргизилери пландаштырууда.
Мамлекеттин “Аялдардын лидерлиги” программасы аялдарга өсүү жана өнүгүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, адилеттүү жана тең укуктуу коомду түзүүгө жардам берүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Пайдалуу
Ссылкалар