Ак-Суудагы аялдар үчүн психоневрологиялык интернатынын чатыры алмаштырылды

Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жатакананын имаратынын чатырын жаңылоо иштери аяктады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
1953-жылы ачылган интернатта 248 улгайган жарандар жана майыптар жашайт. Үч кабаттуу уктоочу корпус 1989-жылы курулган, имараттын 34 жыл ичинде ички бөлмөлөрдүн капиталдык ремонтуна карабастан чатыры эч качан оңдолгон эмес.
Бүгүнкү күнгө чейин кызматкерлердин күчү менен чатырдагы кемчиликтерди жоюу боюнча жарым-жартылай иштер жүргүзүлүп келген. Быйылкы жылы министрликтин бюджетинен каражат бөлүнүп, жаңы чатырдын баасы 2,7 миллион сомду түздү.
Пайдалуу
Ссылкалар