Эмгек министри БУУнун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту

2023-жылдын 26-октябрында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г.М. Баатырова менен БУУ Качкындар боюнча комиссарлыгынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы (КЖКБ) Ханс Фридрих Шоддер мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Женевада 2023-жылдын декабрь айында боло турган Качкындар боюнча глобалдык форумдун алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылган милдеттенмелердин учурдагы жыйынтыктары талкууланды.
Министр Гүлнара Баатырова өз сөзүндө БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын делегациясын Министрликтин учурдагы ишинин жыйынтыктары менен тааныштырып, 1951-жылдагы БУУнун иш-чарасына катышуудагы кабыл алынган эл аралык милдеттенмелердин алкагында качкындардын укуктарын коргоону камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ханс Фридрих Шоддер качкындардын укуктарын коргоо жаатында Министрликтин кошкон олуттуу салымын белгилеп, БУУнун КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
поддержку.
Пайдалуу
Ссылкалар