Эмгек министри Гүлнара Баатырова мектеп окуучуларына кыялын айтып берди
Бүгүн, 2-ноябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова тогузунчу класстын окуучулары менен кесипке багыт берүүнүн жана өз кесибин аң-сезимдүү тандоонун маанилүүлүгүн талкуулады.
Жолугушуу Бишкектеги кесиптик багыт берүү борборунда өттү. Министрдин айтымында, ал бала кезинен эле дарыгер болууну кыялданып, өз максатына өжөрлөнүп келген.
«Бала кезимде ак халат кийип, күзгүдөн өзүмдү карачумун. Максатыңызга аң-сезимдүү жана максаттуу кадам таштасаңыз, ойлор ишке ашат. Чоңойдум, окудум, дарыгер болдум.
Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларына Эмгек министрлиги тарабынан Германия коомунун колдоосу менен Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда ачылган кесиптик багыт берүү борборлору кесип тандоого жардам берүүдө. Бул борборлордо адистер кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жардам беришет”, – деди Гунара Баатырова.
Министр бүгүнкү жолугушууда кесиптик багыттын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Окуучулар министрге суроо-талапка ээ болгон кесиптер , финансылык сабаттуулук, кызыктуу китептери, соцтармактарга кызыгуусу боюнча суроолорду бере алышты.
“Мугалимдериңерди, алардын эмгектерин баалагыла, алар силерге бүгүнкү күндө келечектеги жашооңордун алгачкы кирпичтерин салууга жардам берип жатышат”, – деп баса белгилеп, бардык балдарга келечекте өзүнө жаккан кесип жана жумуш табууну каалады.
2023-11-02