Министр Гүлнара Баатырованын маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу

Урматтуу журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Заманбап адам маалыматсыз жашай албайт, анын объективдүү чагылдырылышы сизден көз каранды.
Сиздерге учурдагы коомдук-саясий окуяларды калкка ишенимдүү жеткирүү, мамлекеттик бийлик органдары менен конструктивдүү диалогду түзүү, жарандык коомдо ачыктыкты түзүү боюнча маанилүү жана жооптуу миссия жүктөлгөн.
Биз журналисттин негизги принциптерин – ишенимдүүлүктү, объективдүүлүктү жана оперативдүүлүктү жетекчиликке алып, өз ишин ар-намыс менен аткарып жаткан адистердин эмгегин жогору баалайбыз.
Урматтуу журналисттер! Сиздерге жемиштүү кызматташтыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.Сиздер жазган ар бир сап коомубуздун турмушуна жалаң гана позитивдүү сезимдерди алып келсин, анын мындан аркы өнүгүшүнө жардам берсин. Бардыңыздарга чың ден соолук, чыгармачылык идеялар жана кызыктуу окуяларды каалайм!

Урматым менен,
Министр Г.М.Баатырова

 

Пайдалуу
Ссылкалар