Эмгек министринин орун басары Улан Чаначев жаштардын стартап сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев жаштар үчүн “Санарип Инсан” стартап долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.
“Интернет коомунун Кыргызстандагы филиалы” бейөкмөт уюму Санарип Инсан долбоорунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурган сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар катышты. Алар кичи шаарлардын жана айылдардын калкынын жашоосун жакшыртуу боюнча өздөрүнүн бизнес моделдерин көрсөтүштү.
Долбоорлор төрт багыт боюнча тапшырылды: социалдык, туризм жана кызматтарды түзүү үчүн IT чечимдери; билим берүү; электрондук бизнес; жасалма интеллект.
«Иш менен камсыз кылууга жана жаштарды ишке орноштурууга көмөктөшүү Эмгек министрлигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бүгүнкү күндө жаштар үчүн кесиптик көндүмдөрдү алууга жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болууга жардам берген «Жаштар практикасы программасы» кызыктуу долбоору ишке ашырылууда.
Жаштар үчүн мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, бизнес түзүмдөрүндө, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарда стажировка уюштурулуп, андан ары ишке орношууга мүмкүнчүлүктөр ачылууда», – деди ал.
Сынактын жеңүүчүлөрү өз идеяларын ишке ашыруу үчүн акчалай сертификаттарга ээ болушту.
дей.
Пайдалуу
Ссылкалар