Араван районунда апасы сабаган эки жашар эгиздер атасына өткөрүлүп берилди
Социалдык тармактарга сабалган видеосу тараган Араван районундагы эки жаштагы эгиз эже-сиңдилердин абалы тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Энеси тарабынан балдарга карата жасалган зордук-зомбулугу боюнча видео үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында соц тарамактарга жарыяланган. Араван райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан зордук-зомбулук фактысы ачыкка чыккандан кийин, балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылып, толук камкордукка алынган.
Учурда балдардын апасы камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.
Жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен жашына жете элек кыздардын биологиялык атасы жана башка туугандары изилдеп табылды. Кыздардын ата-энелери никеге турбагандыктан, Араван раойондук башкармалык аталыкты аныктоо үчүн зарыл болгон процедураларды жүргүзгөн.
Жашына жете элек балдарга иштелип чыккан жекече иштөө пландары 2023-жылдын 9-ноябрында Араван райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосунда каралып, кыздарга түзүлгөн жекече иштөө пландары тастыкталып, жашына жете элек кыздар биологиялык атасы М.Фнын кароосуна берилди. Балдарды тарбиялоодо атасына эжеси көмөк көрсөтөт.
2023-11-10