Министр Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Өзгөн районундагы жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн укту
Жогорку Кеңештин депутаттары 9-14 -ноябрь күндөрү жер-жерлерде жергиликтүү калк менен жеринде иш алып баруушуда.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңештин депутаттары У.З.Ормонов, Э.Р.Сатыбалдиев, Д.Э.Төлөнов менен Өзгөн районунун калкы менен жолугушуусуна катышты.
Жергиликтүү калк инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык камсыздоо жаатындагы маселелерди көтөрүштү.
Бул иш сапарынын алкагында министр ошондой эле Өзгөн райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Коррупциялык тобокелдиктерге каршы күрөшүү, социалдык кызматтардын даректүүлүгүн күчөтүү боюнча, “Социалдык контракт” долбооруна катышкан үй-бүлөлөргө мониторинг жасап туруу, иш менен камсыз кылуу жаатында тапшырмалары коюлду.


2023-11-11














