Эмгек министри иш сапар менен Ош облусуна барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 10-ноябрдан 12-ноябрга чейин Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапары менен барды.
Гүлнара Баатырованын Ош облусундагы биринчи сапары Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы болду. Ал жерде мекеменин иши менен таанышып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ведомство башчысы Гүлнара Баатырова майыптыгы бар жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлүп жаткан пландык иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр жана заманбап жабдуулар менен РПОБМнин Ош филиалынын жаңы имаратын куруу маселеси талкууланды.
Иш сапардын жүрүшүндө Министр ошондой эле шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иши менен таанышты. Мындан тышкары Ош МСЭКинде болду. Жолугушуунун жыйынтыгында майыптыкты күбөлөндүрүү боюнча жарандардын кайрылууларын тыкыр кароо боюнча тапшырмалар берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар