Эмгек министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка орноштурган иш берүүчүлөрдү сыйлады
Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаарында «Чексиз» Улуттук биринчилиги болуп өтүп, анын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш орундарын түзгөн жана шарт түзүп берген иш берүүчүлөрдү сыйлады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, иш берүүчүлөр, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, ушул жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота менен 1421 жумуш орду бекитилген. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 647 майып адам ишке орноштурулган, кесиптик окуу жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган. “Социалдык контракт” программасынын алкагында майыптыгы бар 1 436 жаран мамлекеттен каражат алып, өз бизнесин ачышкан”, – деди ал.
«Мына эки жылдан бери биз Кыргызстандагы социалдык жоопкерчиликти көрсөтүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жумуш орундарын түзгөн мыкты иш берүүчүлөрдү сыйлап жатабыз. Бул жакшы салтка айланып баратат, сиздердин демилгелериңиздер өлкөнүн бардык иш берүүчүлөрү үчүн жаркын үлгү болуп калат. Биз майыптуулук маселелерин биргелешип чечип, бардык жарандардын мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, көбүрөөк инклюзивдик жана достук чөйрөнү түзүүгө умтулушубуз керек», – деди министрдин орун басары.
КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Венера Раимбачаева өлкөнүн мыйзамдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгекке болгон укугун коргой турганын белгиледи.
“Мыйзамга ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, 20дан ашык адам иштеген ар бир ишкана штаттын 5% өлчөмүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга квота бериши керек. Ушундай эле ченемдер Эмгек кодексинде да каралган. Тилекке каршы, бул стандарт аткарылбай жатат. Иш берүүчүлөр кошумча чыгымдарды талап кылууга даяр эмес жана жумуш орундарын ыңгайлаштыруу жана тиешелүү инфраструктураны түзүү зарылчылыгынан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка алууга көп учурда кызыкдар эмес. Бүгүнкү талапкерлердин башкаларга үлгү болушу абдан маанилүү”, – деди ал.
Өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты Улугбек Ормонов ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата саясатты, анын ичинде аларды ишке орноштуруу чараларын биринчи кезекте бардык министрликтер колго алышы керек», – деп кошумчалады ал өз сөзүндө.
КР ЖК депутаты Дастан Бекешов “Чексиз” улуттук биринчилигинин демилгечилерине жана жеңүүчү иш берүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын квалификациясын жана көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.
Чексиз боюнча чемпионаты өткөн жылы Эмгек министрлиги тарабынан майыптарды жумушка алуу үчүн иш берүүчүлөрдү мотивациялоо жана алардын кесиптик чеберчиликке ээ болушуна көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. Бул иш-чара Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү” кыргыз-герман долбоорунун колдоосунда иштелип чыккан, анда майыптар башка кызматкерлер менен бирге ишке орноштуруу кызматтарына ишке алынган, абитуриенттерге кеңеш берип, каттоодон өткөрүп, иш берүүчүлөрдү тартып, кыска мөөнөттүү курстарга жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүштү.
Чексиз улуттук чемпионатында кабыл алынган критерийлер боюнча тандалып алынган 25 иш берүүчүгө ыраазычылык кат жана эстелик статуэткалар тапшырылды.
2023-12-07