Эмгек министрлиги: Үч жылдын ичинде 108 миң кыргызстандык эмгек рыногунун активдүү чаралары менен камтылды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында белгилегендей, жыл сайын республикада ишке орношкон жана иш менен камсыз кылуунун ар кандай чаралары менен камтылган жарандардын саны өсүүдө.
2021-2023-жылдарга иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 45,5 миң адам иш менен камсыз болгон.
Ушул эле мезгилде 62,5 миң кыргызстандык кесиптик окууга, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жана ишке орноштуруунун башка чараларына камтылган.
2023-12-08