Эмгек министри: Эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7,7% төмөндөдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бүгүн, 8-декабрда билдиргендей, жумушсуздардын санынын кыскарышы калкты иш менен камсыз кылуу саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп калды.
«Эки жылдын ичинде республикада жумушсуздуктун саны 7,7%га төмөндөдү. 2023-жылдын 1-ноябрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,3% төмөндөп, 2,6% түздү», – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар