«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын декабрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 15 – 23 – декабрына чейин 1236 телефондон кайрылуу (бир суткада 176 чалуу) түшкөн.
Анын ичинен 49 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 15 же 30,6% жаш балдар, ал эми 34 же 69,4% чоң кишилер), 39 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 7 абонентке психологиялык консультация берилген, 3 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
49 чалуунун ичинен: эркектерден – 9 (18,4%), аялдардан – 25 (51,0%), эркек балдардан – 8 (16,3%), кыздардан – 7 (14,3%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 9 (балдар 5);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 8 (балдар 0);
– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 7 (балдар 3);
– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 5 (балдар 0);
– психологиялык жабырлануу менен – 5 (балдар 4);
– билим берүү системасы жөнүндө – 3 (балдар 1);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 1);
– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 0);
– башка маселелер боюнча – 2 (балдар 1);
– балдарга кайдыгер мамиле жасоо жөнүндө – 1 (балдар 0);
– суицид жөнүндө – 1 (балдар 0);
– мектептеги рэкет жөнүндө 1 (балдар 0);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 1 (балдар 0);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 1 (балдар 0).
1187 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 14 (28,6%);
– Жалал-Абад облусунан – 8 (16,3%);
– Чүй облусунан – 7 (14,3%);
– Ош облусунан – 4 (8,2 %);
– Ош шаарынан – 3 (6,1%);
– Нарын облусунан – 3 (6,1%);
– Талас облусунан – 1 (2,0%);
– Ысык – Көл облусунан – 1 (2,0%);
– Баткен облусунан – 1 (2,0%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 7 (14,3%).