«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын декабрь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 1 – декабрынан  2024 – жылдын 1- январына чейин 5729 телефондон кайрылуу (бир суткада 184 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 220 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 63 же 28,6% жаш балдар, ал эми  157 же 71,4% чоң кишилер), 180 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 28  абонентке психологиялык консультация берилген, 12 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

220 чалуунун ичинен: эркектерден – 48 (21,8%), аялдардан – 109 (49,5%), эркек балдардан – 25 (11,4%), кыздардан – 38 (17,3%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 56 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 31 (балдар 9);

– психологиялык жабырлануу менен – 25 (балдар 20);

– балдарды тарбиялоо, анын журум туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 23 (балдар 15);

– билим берүү системасы жөнүндө – 19 (балдар 3);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 17 (балдар 2);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 3);

– башка маселелер боюнча – 8 (балдар 5);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 6 балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 6 (балдар 3);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 5 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 4 (балдар 0);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 4 (балдар 2);

– суицид жөнүндө  – 3 (балдар 0);

– мектептеги рэкет жөнүндө  – 2 (балдар 1).

5509 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 65 (29,5%);

– Чүй облусунан – 32 (14,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 23 (10,5%);

– Ош облусунан – 20 (9,1%);

– Баткен облусунан – 10 (4,5%);

– Талас  облусунан – 10 (4,5%);

– Ош шаарынан – 9 (4,1%);

– Ысык – Көл  облусунан – 9 (4,1%);

– Нарын облусунан – 6 (2,7%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 36 (16,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар