Эмгек министрлигинин маалымат күркөлөрүнөн мигранттар кандай маалымат ала алышат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Орнотулган күркөлөр:
* Бишкек шаарынын аэропортунда – 2;
* Ош аэропортунда – 2;
* Баткен аэропортунда -1;
* Жалал-Абад аэропортунда – 1;
* Бишкек шаарынын темир жол бекетинде -1;
* Эмгек министрлигинин чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунда Бишкек шаарында – 1 жана борбордун Ош шаарындагы филиалында -1.
Күркөлөр жарандарга миграция чөйрөсүндөгү укуктары жана адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керектиги жөнүндө маалымат берет.
Кандай маалыматтарды алууга болот:
- жарандардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар үчүн бир жолку төлөм алуунун тартиби жөнүндө маалымат («жүк 200»);
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин тизмеси жана алардын даректери (элчиликтер, консулдуктар, диаспора уюмдары ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясына байланыштуу актуалдуу жаңылыктар;
- коопсуз миграция маселелери боюнча маалымат, ишенимдүү байланыш операторлорунун телефон номерлери;
- коопсуз миграция жөнүндө кыска видеолорду көрүүгө болот.