Эмгек министрлиги социалдык контракттын жыйынтыгы жогору болгон аймактарды  атады

 

 “Социалдык контракт” программасы КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 2022-жылдын жай айынан баштап ишке ашырылууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, өз бизнесин ачууга жетишкен. 2023-жылы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруудан түшкөн киреше 55,4 миң адамдын жашоосун жакшыртууга жардам берди, алардын 33,5 миңи – балдар.

Бул балдардын 80% же 26,9 миң адам мурда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алышчу. Эгер алар жөлөкпул алууну уланта беришсе, ай сайын бюджеттен 32,3 млн сом бөлүп берүү талап кылынмак. Эми “Социалдык контракт” программасынын жардамы менен бул үй-бүлөлөр кирешелерин өз алдынча таап, мамлекеттин колдоосуна муктаж эмес.

Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун эң көп саны Жалал-Абад жана Ош облустарында болду.

Ошол эле учурда долбоорлордун кыйла кирешелүүлүгү-натыйжалуулугу боюнча Бишкек, Чүй жана Баткен облустары алдыда.

Быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат. Кененирээк маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн ала алууга болот.

Пайдалуу
Ссылкалар