Эмгек министрлиги мамлекеттен 100 миң сомду ким жана кантип ала аларын айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жакырчылыктан чыгуу демилгесин ишке ашыруунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзө алат.
Социалдык паспорту бар же «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү керек.
Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөгө өзүнүн чакан бизнесин ачууга же өнүктүрүүгө акысыз 100 000 сом берилет.
Социалдык контракт түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.
Учурда 13 миңге жакын үй-бүлө өз бизнесин ачып, мамлекеттин колдоосу менен киреше ала баштады.