Эмгек министрлиги КОНКУРС жарыялайт!
Ата-эне кучагы, кубаты, Ата-эне орду, Ата-эне деми, Ата-эне таалим-тарбиясы, Ата-эне мээрими, камкордугу – үй-бүлөдөгү эң бир орду алмашкыс баалуулук. Ата-эненин тарбиясын мектеп да, коом да бере албайт. Учурда үй-бүлө институту салттык үй-бүлөлүк тажрыйбалардын жана баалуулуктардын кризисине дуушар болуп, Ата-эне кызматы, мээрими – бүгүнкү күндүн курч көйгөйүнө айланууда.
Быйыл Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан “Үй-бүлө Кодекси” кайрадан жаңыланып, анын ичинде үй-бүлө институтунун милдеттери кеңейтилди. Министрлик, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү максатында, ЮНИСЕФ жана Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте “КУЧАК” аттуу бир айлык акция өткөрөт.
Акциянын шарты:
- Ата-энелер Акцияга 22-майга чейин бактылуу үй-бүлөлүк сүрөтү (фото) (1 же 2) же кыска видеосу (1) менен катыша алышат. Фото же видео Facebook, Instagram жана Twitter өңдүү социалдык тармактарда (каалаган социалдык тармагында) #КУЧАК #, #Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат#, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги деген хэштегдерди колдонуу менен, сүрөттөрдүн жана кыска тасмалардын челленждери жарыяланат;
- Сынактын жыйынтыгынын натыйжасында майдын аягында (19-май Энелер күнү менен 1-июнь Балдарды коргоонун күнүнө карата) Бишкек шаарында республикалык деңгээлде фото көргөзмө өткөрүлөт.
- Кыскача үй-бүлөлүк тарыхы менен сүрөтү же видеосу эң креативдүү жана социалдык тармакта көп колдоого ээ болгон конкурстун катышуучулары сыйланат;
- Жеңүүчүлөргө номинациалар берилет.
Байланышуу телефондору: 0312 62-39-77, 0504504564