Эмгек министри 94 жаштагы Иноят Шакирбаевага барды

 

Май майрамдарын утурлай Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 94 жаштагы пенсионер Иноят Шакирбаевага барды.

“Иноят Шакирбаева мыйзам боюнча бардык төлөмдөрдү биздин Министрлик боюнча да, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюжетинин эсебинен да алат. Бул ай сайын карылык боюнча социалдык жөлөкпул, жылытуу мезгилинде газ субсидиясы, согушка чейинки мезгилде төрөлгөндөр үчүн кварталдык төлөм жана кварталдык стипендия. Өткөн жылдары анын арызынан кийин жашаган жери боюнча райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы материалдык жардам көрсөтүп келген. Үстүбүздөгү жылы пенсионердин арызы каралып жатат”, – деди министр.

Пенсионердин уулунун оозунан: “Апам өмүр бою иштеди, буга байланыштуу үйдө отура албайт. Сиз көргөн биздин үйдүн короосундагы гүлдөр бул биздин апабыздын эмгеги. Күндүз ал жалгыз калат, жөн эле отургусу келбейт. Ошентип, ал шаарга барып, сейилдеп келип, бир аз акча табат. Апамдын менден башка үч кызы бар, алардын экөө Бишкекте, үчүнчүсү Россияда».

Министр Иноят Шакирбаевага социалдык тармактагы жарыялардан кийин барган. Министрликтин басма сөз кызматы пенсионер уулу жана анын иштебеген жубайы менен жашап жатканын белгилейт.

Гүлнара Баатырова пенсионерден кабар алып, келе жаткан майрамдар менен куттуктап,  азык-түлүк тапшырып келди.

Пайдалуу
Ссылкалар