Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 9-Майга карата Президенттен 100 миң сомдон алышат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Мироненкону Жеңиш күнү менен куттуктап жатып билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ошондой эле Ленинград шаарынын блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам алышат. Бул максатта мамлекет башчынын фондунан 4 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 2024-жылдын 1 – майына карата жогорудагы 4 категориянын саны 41 адамды түзгөн.
Николай Мироненко Кузмич 1927-жылы туулган. 1935-жылы ата-энеси менен биргеликте Фрунзе шаарына көчүп келген. Согушка чейин тигүүчүлөр фабрикасында мастер болуп иштеген. 1944-жылы Советтик Армияга чакырылып, согуш учурунда Белоруссия даярдоо полкунда кызмат өтөп, 1951 жылга чейин армияда болгон. Согуштан кийин транспорт министрлигинде көп жыл эмгектенген.
Министр ардагерге бекем ден-соолук каалап, КРнын Президентинин фондунан бөлүнгөн 100 миң сом, министрлик аркылуу 20 миң сом жана белектерди тапшырды .
2024-05-09