Курчоодон аман калган Людмила Румянцеваны Жеңиш күнү менен Эмгек министринин орун басары Жыпарыса Рысбекова куттуктады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ленинград блокадасында аман калган Людмила Румянцеваны Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Ал белгилегендей, мамлекет ардагерлердин жана тыл эмгекчилеринин эрдигин жогору баалайт.
“Өз эрдиги менен бизге тынчтык тартуулагандар үчүн өлкөбүздө социалдык кепилдиктер белгиленген. Аларга акчалай компенсациялар, протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыздоо жана кары-картаңдар, майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алуу укугу, ошондой эле социалдык жардам бөлүмдөрү тарабынан кезексиз тейленүү укугу кирет”, – деди ал.
Людмила Румянцева блокада жылдарындагы эскерүүлөрү жана Кыргызстанга кантип келгени тууралуу айтып берди.
Ага Жыпарыса Рысбекова министрлик аркылуу бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.
2024-05-09