Таласта аялдар менен эркектердин бирдей мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Талас шаарында “Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: чакырыктар жана перспективалар” темасында аймактык консультацияда сөз сүйлөдү.

Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиеванын, Марат Мураталиевдин катышуусу менен “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биргелешип иштеп чыгуу үчүн уюштурулду.

“Саясий, экономикалык жана коомдук турмушта чечим кабыл алуунун бардык деңгээлдериндеги башкаруу кызматтарында аялдардын тең укуктуу катышуусу формалдуу түрдө гана жүргүзүлөт. Ошондуктан министрлик тарабынан көрсөтүлгөн мыйзамды кайра карап чыгуу жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн”, -деди Гүлнара Баатырова.

Ошондой эле министр бул аймактык консультация бардык облустарда өтөөрүн, жыйынтыктоочу Улуттук консультация Бишкекте өтөрүн кошумчалады.

Камила Талиева өз кезегинде балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо менен алектенген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана мамлекеттин социалдык жана гендердик теңчиликке көмөктөшүү аракеттерине жигердүү катышса деген каалоосун билдирди.

Пайдалуу
Ссылкалар