Эмгек министрлигинин Түрк тилдүү мамлекеттердин келечек муундары үчүн Бирдиктүү фонд түзүүнү сунушу колдоо таап, декларацияга кирди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бүгүн, 17-майда Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынына катышты.
“Кыргыз Республикасы түрк тилдүү өлкөлөрдүн социалдык саясат комитетин түзүү демилгесин толугу менен колдойт, ал үй-бүлө институтун сактап калууга жана жергиликтүү жамааттарды чыңдоого, ошондой эле мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Социалдык коргоо 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын негизи болуп саналат. Ал эми КР Президенти С.Н. Жапаров тарабынан майыптыгы бар адамдарды коомдук турмушка максималдуу киргизүү милдети коюлган. Жалпысынан акыркы жылдары мамлекеттик саясат адамдык капиталды өнүктүрүүгө, социалдык коргоонун инклюзивдүү системасын түзүүгө багыт алууда”, – деди Гүлнара Баатырова.
Министр социалдык камсыздоо, анын ичинде мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер үй-бүлө институтун өнүктүрүүгө, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, үй-бүлөнүн коомдогу ролун жогорулатууга, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.
«Биз Түрк тилдүү мамлекеттердин келечек муундары үчүн бирдиктүү фонд түзүүнү зарыл деп эсептейбиз, ал балдардын жана жаштардын руханий, физикалык, чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде бизнес – демилгелерди, стартаптарды каржылоого, ошондой эле үй-бүлө, ата-эне жана бала институтун чыңдоо жана өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлорду/иш-чараларды колдоо болуп эсептелет.
Жыйындын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин келечек муундары үчүн Бирдиктүү фонд түзүү сунушу колдоо таап, декларацияга кирди.
«Кыргызстан ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилигинин катышуусу менен “Бактылуу үй-бүлө – бакубат мамлекет” аттуу Форумду уюштуруу жана өткөрүүнү сунуштап жатат», – деп баса белгиледи ал.
Министрлердин жыйынына Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Каныбек Өмүралиев да катышты.