Эмгек министри Гүлнара Баатыровага гендердик зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндерге жардам берүүчү “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик борборун презентациялашты

Бүгүн, 24-майда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы “Гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам берүүчү “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик Борборунун имаратынын презентациялоо аземи болуп өттү.
“Сексуалдык зомбулук – бул коомдун пайдубалына шек келтирген жана аялдардын укуктарынан жана кадыр-баркынан ажыраткан адамзатка каршы кылмыш. Мына ошондуктан, мамлекеттин эң негизги милдети бул – зомбулуктан жапа чеккен кыз-келиндерге колдоо, жардам көрсөтүү үчүн ушундай Борборду түзүп, мындай кылмыштардын алдын алууга шарт түзүп берүү.
Бул борбордун максаты – зордук-зомбулуктан аман калган кыз-келиндер үчүн зарыл болгон жардамга жетүүнү жеңилдетүү жана керектүү колдоону түзүү. Борбордо медициналык, консультациялык, юридикалык, психологиялык жана социалдык кызматтарды бириктирген квалификациялуу адистер иштешет. Бул жерден тергөө иштерине жардам алууга болот”, – деди министр.
Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн «Бирдиктүү терезе» Gizella эл аралык күзгүсү, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жабырлануучуларга ыңгайлуу бөлмөлөр, медициналык текшерүү жана психологиялык колдоо көрсөтүү бөлмөлөрү, тергөө үчүн атайын жабдуулары бар соттук-медициналык кабинеттер менен жабдылган.
Аталган борбор азыркы учурда макулдашуудан өтүп жаткан тиешелүү нормативдик-укуктук актыларга кол коюлгандан кийин пайдаланууга берилет.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, АКШнын, Япониянын элчилери, Улуу Британия, Катар элчиликтеринин өкүлдөрү, граждандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Аталган Борбор Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңгизаттар жана укук коргоо иштери боюнча бюросунун (INL) колдоосу менен ремонтто иштери жүргүзүлдү. Борбор атайын жабдуулар менен камсыздалган, анын ичинде жабырлануучуларга атайын алар үчүн каралган ыңгайлуу тергөө бөлмөлөрү, медициналык экспертизалар, психологиялык колдоо көрсөтүүчү жайлар жана соттук-медициналык экспертиза бөлмөлөрү бар.
дебно-медицинской экспертизы.
Пайдалуу
Ссылкалар