51 миңден ашуун аярлуу үй-бүлө иштегендиги же окугандыгы үчүн азык-түлүк же накталай акча алышты
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия жана Тынч океандык регионалдык директорунун орун басары Самир Ванмали жана БУУ ДАТП Кыргыз Республикасындагы өкүлү жана директору Кожиро Накай менен жолугушууда билдирди.
“Министрлик дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен кызматташтыкта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү “Жумуш ордуна азык-түлүк” жана “Жумуш ордуна накталай акча” долбоорлору аркылуу колдойт. 2022-2024-жылдын 27-апрелине карата дээрлик 42 миң үй-бүлө же 217 миңден ашык адам жолдорду, ирригациялык арыктарды калыбына келтирүү жана алардын жамааттарынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлоруна катышканы үчүн өсүмдүк майы жана ун алышкан. Дагы 9 миң үй-бүлөгө жумушка же окууга накталай акча, жалпысынан 100 миллион сомдон ашык акча берилди.
Социалдык контракт эң эффективдүү долбоорлордун бири болду. Бул долбоор быйыл 23 миң аярлуу үй-бүлөнү камтыйт”, — деди Гүлнара Баатырова.
Министр ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн “социалдык паспорт” электрондук маалымат базасын модернизациялоо, социалдык контракт түзгөн жарандардын ишмердүүлүгүн коштоо, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти биргелешип улантууну сунуштады.