Чакан бизнести ачуу үчүн тигүү өндүрүшү жана соодасы эң натыйжалуу болуп чыкты

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова “Кыргыз Республикасынын финансы системасынын калыптануу тарыхы, заманбап тренддер жана өнүгүү артыкчылыктары” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди.

«Социалдык контракт программасынын анализи көрсөткөндөй, эң эффективдүү долбоорлор тигүү өндүрүшүндө жана соода тармагында ачылган. Негизинен өнөр жайдын түрдүү тармактары – тамак-аш, курулуш материалдары, биожер семирткичтер ж.б. рентабелдуулугун керсетушту. Самын жасоо мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнес ачууну чечкен үй-бүлөлөрдүн арасында абдан таанымал болуп баратат.

Социалдык контракттын катышуучулары мал чарбачылыгы биздин өлкө үчүн салттуу болгону менен, ага байланыштуу олуттуу тобокелдиктер бар экенин жана эң жогорку киреше эмес экенин түшүнө башташты”,-деди ал.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Окуу борбору тарабынан уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган. Бул маанилүү иш-чара өлкөнүн каржы тутумунун өнүгүшүнүн негизги аспектилерин жана келечегин талкуулоо үчүн каржы жаатындагы алдыңкы адистерди чогултту.

Конференциянын алкагында “Мамлекеттик финансы жана мамлекеттик көзөмөл”бөлүмүнө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар жакырчылыкты жоюунун комплекстүү ыкмасынын механизми катары социалдык контрактка өзгөчө көңүл бурушту.

Наргиза Туркебекова угуучулардын суроолоруна жооп берип, бул механизмди Кыргызстандын шартында киргизүү жана колдонуу боюнча баалуу түшүнүктөрдү жана практикалык мисалдарды келтирди.

Пайдалуу
Ссылкалар