Эмгек министрлиги жакынкы арада эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап болорун аныктайт
Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Бишкек шаарында өткөн “Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы керектөөлөрүн талдоо” конференциясында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.
Эмгек министрлиги Европалык билим берүү фонду менен биргеликте уюштурган иш-чарага мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү жана иш берүүчүлөр чогулуп, эмгек рыногунун квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыгын талдап чыгышты. Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү онлайн форматта катышышты.
“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча Министрлер Кабинетинин жыл аягына чейин 250 миң жумуш ордун түзүү тапшырмасынын алкагында ишканалар ачылууда, анын 38 миңи Эмгек министрлиги аркылуу. Өлкө боюнча ишке орноштуруу кызматтарында 7 миңден ашык бош жумуш орун катталган.
Жарандарды жумушка орноштурууга жардам берүү үчүн эмгек министрлиги 1899 “Ишеним телефонун” түздү. Бул номер боюнча адистер сиздин аймактагы бош жумуш орундар боюнча кеңеш беришет, зарыл болгон учурда жумуш берүүчүнүн талаптарына ылайык квалификацияны жогорулатуу же кесиптик кайра даярдоодон өтүү боюнча кеңеш беришет”, – деди Жылдыз Полотова.
Жылдыз Полотованын айтымында, экономиканы өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары кадрларды сапаттуу даярдоого жаңы талаптарды коюуда.
«Кызматкерлердин компетенцияларынын комплекси жаңы технологиялардын өнүгүшүн, экономиканы жана иш берүүчүнүн талаптарын эске алуу менен жөнгө салынышы керек. Анткени ага бүгүн, эртең кандай адис керек болорун иш берүүчү абдан жакшы түшүнөт жана аныктайт.
Эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунушту жөнгө салуу үчүн Министрлик кесиптик билим берүү системасында муктаждыктарды аныктоо максатында, квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыкты изилдөөнү баштоодо», – деп баса белгиледи ал.
Эмгек министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекованын айтымында, бул изилдөө эмгек рыногун туруктуу өнүктүрүү үчүн алдын ала чаралардын бири болуп калат.
“Эмгек рыногу тездик менен өзгөрүп жатат, ошондуктан биз тараптан дайыма активдүү иштер жүргүзүлүүдө, иш менен камсыз кылуунун ар кандай активдүү чаралары киргизилүүдө. Ар бир кесип боюнча суроо – талап менен сунуштун катышын талдоо, кадрлардын көптүгү же тартыштыгы бар, ошондой эле кесиптик даярдык боюнча жүргүзүлбөгөн кесиптерди чыгаруу абдан маанилүү”, – деди ал.