Эмгек министрлиги: Жумушка орноштуруу боюнча ишеним телефонуна жети мүнөт сайын чалышат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумушка орношуу маселелери боюнча 1899 номери менен “Ишеним телефонун ” ачты.
Бул номер боюнча облус, район же шаар боюнча эмгек рыногундагы бош жумуш орундар жөнүндө кеңеш алууга болот. Ошондой эле тажрыйбалуу адистер сизге кесиптик билимди же квалификацияны кайдан алууга болорун айтып беришет.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, көбүнчө айдоочу, тигүүчү, курулуш адистиктерине, ашпозчу, эсепчи болуп жумушка орношууну суранышкан.
Ар бир үчүнчү чалуучунун кесиби жок болчу.
офессии.
2024-06-04