Эмгек министрлиги региондордо жаштар стажировкасын уюштуруу жана өтүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окутууда
6-7-июнь 2024-жылы КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк Банктын социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө долбоорунун колдоосу менен” облустук, райондук жана мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн региондордо жаштардын практикасын уюштуруу жөнүндө окутуучу семинарларды өткөрүштү. Семинарларга Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышышты.
Тренингдин катышуучулары жаштардын чет өлкөлөргө эмгек миграциясына барган учурларын өзгөчө белгилешти, бул экономикалык жана социалдык жактан жагымсыз болуп саналат.
Ошондуктан 2023-жылы кабыл алынган “Жаштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн компетенцияларынын алкагында жаштардын стажировкалары аркылуу эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу жаштардын көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу Эмгек министрлиги жумушсуздар жана жумуш издеген жаштар үчүн Дүйнөлүк Банктын долбоорунун колдоосу менен 30 пилоттук шаарларда жана райондордо жаштар стажировкасын уюштуруу жана киргизүү процессин баштады.
Жаштар стажировкасынын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
– баштапкы иш тажрыйбасын алуу жана/же адистиги боюнча квалификациясын жогорулатуу;
– теориялык даярдыктын натыйжасында алынган кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү практикада калыптандыруу жана бекемдөө;
– алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүү, кесиптик жана уюштуруучулук жөндөмдөргө ээ болуу;
– иш берүүчү тарабынан келечектүү жаш стажерду аныктоо жана аны андан ары ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү;
– иш берүүчүнүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу.
Катышуучулар стажировкадан өтүүнүн шарттары, иш берүүчүлөрдү жана стажировкадан өтүүнү каалаган талапкерлерди издөө, мөөнөтү жана башка шарттары тууралуу маалымат алышты. Биргелешкен талкуунун жана практикалык машыгуулардын жүрүшүндө катышуучулар Эмгек министрлиги тарабынан сунуш катары кабыл алынуучу чараларды иштеп чыгышты.