Эмгек министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек Кытайдын адам капиталын өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын изилдөөнү сунуштады
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбектин КЭР Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Юй Цзядун менен жолугушуусунда айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.
“Бул меморандум биздин мамилелерди чыңдоо жана эмгек ишмердиги жана социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кийинки кадам биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу болот, ал кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү иш-чараларды жана биздин министрликтер ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды камтыйт.
Сиздин министрлик адамдык капиталды өнүктүрүү, эмгек жана социалдык камсыздоо жаатында көп нерсеге жетишти жана биз сиздин тажрыйбаңызды ушул тармактарда колдонууга кубанычтабыз”,- деди Мамат уулу Чынгызбек.
Жолугушууда ошондой эле кызматкерлердин укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кыла турган прогрессивдүү мыйзамдык жана институционалдык алкактарды түзүү боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгү белгиленди.
“Кытайдын бул жааттагы ийгиликтүү тажрыйбасына таянып, жакырчылыктан чыгуунун негизги багыттары боюнча биргелешип иштөө биз үчүн да маанилүү. Буга айыл аймактарын өнүктүрүүнү колдоо, айыл жергесинде ишкердик активдүүлүктү стимулдаштыруу, билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле калктын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү инфраструктураны жана социалдык программаларды өнүктүрүү кирет”, – деп баса белгиледи министрдин орун басары.
2024-06-12