Эмгек министрлиги: Бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйылкы май жана өткөн жылдын ушул маалындагы көрсөткүчтөрүнөн байкаса болот.
Алсак, өткөн жылдын май айында 323,7 миң 16 жашка чейинки балдарга же 97,5 миң муктаж үй-бүлөгө ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу алынган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында бул жөлөк пул 278,8 миң балага же 81,5 миң үй-бүлөгө төлөндү.
Ошентип, аз камсыз болгон балдардын саны 44,9 миң , же 16 миң үй-бүлөгө азайган.
2024-06-12