Эмгек министри Жылдыз Полотова: Саламаттыкты сактоо тармагына 1 доллар эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу 4 доллар алып келет

Бүгүн, 26-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция тартуу боюнча эл аралык форумга катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр өз сөзүндө жумуш ордунда ден соолукту коргоонун жана эмгек шарттарын жакшыртуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жумушчулардын ооруларынан улам өндүрүмдүүлүктү жоготуу ИДПнын 10% га чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан биздин министрликтин башкы милдеттеринин бири-коопсуз эмгек шарттарын түзүү, алар оорулардын жана жаракат алуулардын коркунучун азайтып гана тим болбостон, кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүн жана мотивациясын жогорулатат.

Кесиптик оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу адамдардын ден соолугун жана иштешин сактайт. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, саламаттыкты сактоого 1 долларлык ар бир инвестиция эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана дарыланууга кеткен чыгымдарды азайтуу менен 4 долларлык экономикалык киреше алып келет”, – деди ал.

Жылдыз Полотовдун айтымында, социалдык камсыздоо тармагы да Кыргызстанда инвестициялоонун маанилүү тармагы болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көңүл буруусунун аркасында жарандардын ар кандай категорияларынын жөлөкпулдарынын өлчөмү кыйла көбөйтүлдү, бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго, улгайган жарандарга сапаттуу медициналык жардам алууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде алардын иш менен камсыз болуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет”, – деди ал.

Эмгек министрлигинин башчысы медициналык-социалдык экспертизаны жана медициналык реабилитация жана социалдык интеграция маселелерин өркүндөтүүнү улантуу маанилүү экендигин тактады.

“Биз бул процесстерди майыптар мүмкүн болушунча тез жана натыйжалуу колдоого алышы үчүн өркүндөтүшүбүз керек. Социалдык колдоого муктаж жарандардын эмгекке жарамдуулугун баалоонун объективдүү жана ачык – айкын системасы өз убагында зарыл жардамдарды көрсөтүүгө жардам берет жана социалдык төлөмдөрдөн негизсиз баш тартуу учурларын кыскартат”, – деп белгиледи Жылдыз Полотова.

Полотова.
Пайдалуу
Ссылкалар