Эмгек министри Жылдыз Полотова Чүй облусундагы инфраструктуралык долбоорлордун натыйжалары менен таанышты
Бүгүн, 27-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Чүй облусундагы азык-түлүк же накталай акчанын ордуна социалдык маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткан айылдарга барды.
«Бул программа бир нече жылдан бери жакшы натыйжаларды берип жатат. Инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорго катышуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы жана ун берилет.
Мисалы, 2023-жылы бул программанын алкагында 14 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр же 76,8 миң адам 4,2 миң тонна азык-түлүк түрүндө социалдык жардам алышкан.
Сосновка айылында программанын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү тарабынан “Таш”ирригациялык каналынын бөлүгү калыбына келтирилди. Ошондой эле Биринчи-Май айылындагы башкы ирригациялык каналдын 0,75 чакырымы калыбына келтирилди. Москва районунун Мураке айылында “Манас” социалдык айылында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген 21 адам ар кандай кол өнөрчүлүктү үйрөтүүгө катышты. Бул аларга келечекте кошумча киреше алууга мүмкүндүк берет”, – деп белгиледи Жылдыз Полотова.
Министрдин айтымында, буга катар эле социалдык жардам да ишке ашырылууда, анын алкагында “жумушка (окууга) акча каражаты” схемасы боюнча шашылыш колдоо көрсөтүлүүдө.
“Учурда бул схема боюнча 211 долбоор ишке ашырылды, ага 5 миңден ашуун үй-бүлө же 26,5 миң адам катышты. Аталган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 66,8 млн сом бөлүнгөн”, – деп белгиледи Эмгек министри.
Таанышуу сапарына Россия Федерациясынын КРдагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Гусев жана БУУ ДАПтын КРдагы өлкөлүк директору Кожиро Накай да катышышты.